bannerbannerbanner
полная версияБир кайрыктар

КАДЫР АБАКИРОВ
Бир кайрыктар

Полная версия

АбДУКАИМОВ УЗАКБАЙ агабыздын

« Майдан» китебине

Чоң эрдикти анда жасаган

Узакбай агабыз майдандан.

Жоону сүрүп ал тараптан

Жоокерлерди башкарган.

Аман келип алыстагы майдандан,

Кайра тынбай майданга жол тарткан.

Чыгармачылыкта тирмийип отуруп,

Чыныгы « Майдан» китебин жараткан.

***

«Биз Гоголдун «Шинелинен» өскөнбүз» деп,

Орус жазуучулары сүйүнүп кеп кылат

Биз Түкөмүн «Тоо арасынан өскөнбүз» деп,

Кыргыз жазуучулары кобурап мактанат

ТУЛПАРДЫН ТУЯГЫ

Учурурунда ырчы Майрам Керим кызы,

Ыр чыгаргап төкмөлүктө таланттуу эле.

Анын баласы Акжолтой Канат уулу,

Акын болду аты таанылып кыргыз элге

Төкмө ырчы Майрам кайтыш болду,

Жаратканым биздин муңду туябы.

Домбурачан ырдап чыкты калкытып,

Добуш берип, тулпардын ушу туягы.

МУРУН

«Бата берип, баш сөз жазып бер» деп

Мухтар Шаханов, Гамзатовго барыптыр.

« Ырларыңы окуйун кийин кел» дейт,

Ырларын барактап ушул сөздү айтыптыр.

Ал окуяны Расул Гамзатов унутуп калат,

Кийин Мухтар Шаханов кайта сапар барат.

« Баягыда эле сапар келбедим беле

Ырларды окуңуз деп бербедим беле?»

Сенин мурунуң эле эсимде калыптыр,

Баарын мен унутуп такыр калыпмын.

А бул жолу окуп көрөм ырларыңды,

Анан баарын кайта баштан баштаймын.

ки акындын муруну чоң кудайга тобо,

Кудайым ал жагынан такыр аябады.

Кеп мурунда эмес башка жагына экен,

Кеменгердик талантында жатпайбы.

КАЙСЫН ЖАНА АЛЫКУЛ

( ӨЧПӨС СӨЗ)

Улуу Кайсын Алыкулду баалаган

Ага жаккан Алыкулдун ырлары.

Башкалар «халтура» деп атаса,

Батыл сүйлөп «шедевр» атады.

Учурунда акындын ырын көп окуп,

«Улуулук» деп Алыкулду баалаган.

Өмүр өтөөр Кайсындай улуу акындар,

Өлбөс кылып өчпөс изин калтырган.

***

М. Ю. Лермонтовдун КОТОРМОСУН

ОКУГАН ЖАШ АКЫН

Бизде бир жаш акын бар эле

Уккамын мындай кепти айтканын:

«Лермонтов менде эле акын экен,

Котормосунан окуп көрүп айтамын.

Эмнеге эле кургурду улуу деген

Андан көрө өзүм мыкты жазгыч экем.

Талантым такыр байкалбай келатпайбы

Таланттуу деп мени деле аташпайбы».

МУХТАР АУЭЗОВГО

Бир кылымда бир жаралчу шедевр,

Бийиктиги Толстой, Шолоховго барабар.

Мурас калды дүйнө эли сыймыктанаар,

Мухтар Ауэзов деген атактуу агабыз бар.

Кыргыздын Манасын улам даңктап,

Кылымдардан кылымдарга айтылаар.

«Абай жолу» кең дүйнөгө кетти аралап,

Айтып бүткүс ай ааламдык даңкы бар.

«ОРУСЧА-КЫРГЫЗ» СӨЗДҮГҮНҮН АВТОРУ

ПРОФЕССОР К.К. ЮДАГИНГЕ

Сөздүгүн канча жолу барактадык,

Сөз маанисин издедик таап алдык.

Китепти казып карап отуруп,

Китептен китеп которуп жараттык.

Ийнелеп эмгектене кудук казып,

Өчпөгөн улуу эмгекти жаратып.

Эчак эле кеткен болчу арабыздан,

Элине улуу эмгегин таштап салып.

УЛУУ СҮРӨТЧҮ Т. ГЕРЦЕНГЕ

Ал немец уулу болгон ала барман,

Ар дайыма ак эмгекти даңктаган.

Өжөрлөнө түйшүк менен отуруп,

Өнөрүнөн өлбөстүктү таап алган.

Кыргыз канын сиңирип кан-жанына,

Манас даңкын Манас кылган жагы бар.

Кылымдардан кылым агып узаса да,

Кыргыз элге унутулбас даңкы тараар.

АЖАЙЫПТУУ ЧЫГАРМАЛАРДЫН АВТОРУ

В. РАСПУТИНГЕ

Акылман жана улуу орус жазуучусу,

Аны окуганда келет укмуш элес.

Аябай чоң күчтү сарптап жазыптыр,

Андай чыгарма жаратуу оңой эмес.

ЧЫНЫГЫ ЫР

Көп акынды бала чакта окугам,

Чыныгы ырдын не экенин билбегем.

Окуп көрдүм көп жазгычтын ырларын,

Ошолорду чыныгы ыр деп эсептегем.

Окудум Гамзатовдун ырларын

Ичиндемин эргүү менен жалындын

Чыгарма деген бул өзүнчө керемет,

Чыныгы ырдын жалынына кабылдым.

ПАМИРБЕК КАЗЫБАЕВГЕ

Көзү өтсө да Алыкулдун,

Кубана турган жагы бар.

Алыкулду Алыкулдай сүрөгөн,

Памирбек деген иниси бар.

Алыкул аты аталса,

Памирбек кошо аталат.

Агасы менен иниси,

Акбоз минип баратат.

ТҮШ ЖАНА ЫР

Түндө мен түш көрүп жатыпмын

Начар ырды ушунча көп жазыпмын.

Эл мени түрмөгө камап салышты,

« Бул акын начар ырды жаратты».

Энем, жарым жаш төгүп ыйлашат,

Боздошуп турган экен балдарым.

«Ыр жазганды такыр эле таштагын»,

Ызаланам кебин уктум алардын.

А мен болсо болбой эле ыр жазам,

Толгон токой чыгармамы чыгартам.

Китептерим үйгө батпай тирелет,

Кийин эми каякка жайгаштырам.

Бир кезекте мен ойгоно баштадым,

Кара терге түшкөн экен бүт денем.

Жараткан пенделер такыр көрбөсүн

Жаман болот бу дүйнөдө түрмө деген.

Начар акынды түрмөгө камайм десе,

Бат эле ыр жазганын таштаган.

Түрмөдө туруп кээ бир эле акындар,

Түн ичинде шедевирлүү ыр жазган.

Татардын улуу акыны Муса Жалил,

Өлүмдөн коркпой ыр жараткан.

Өлбөстүккө улуулкка умтулуп,

Өлүм өзү андан коркуп алыс качкан.

Ой жиберсем акын иши азаптуу

Ыр жазуу иши өзүнчө эле түрмө да.

Тумчугасың же аныңа акча албайсың,

Туш келесиң далай, азап тагдырга.

Начар ырлар өлүп калат өзү эле

Жазганыңды эч ким деле карабайт.

Адамдар лиранын баркы биле элек

Ардактап ырды сүйүп баалабайт.

Тарыхта жашап калат жакшы ырлар

Тартынбай ой каалоолор ишке ашат.

Адамдардын бүт жашоосу ыр болуп,

Алды жакка ачылышты тилеп жатат.

Анда эмесе менин ыйык акындарым!

Аянбастан жакшы ырларды жараталык,

Уктаганда түрмөгө түшүп калбай,

Урмат менен акылман ырды табалык.

Анда эмесе бизге ыйык акындар!

Албуутанган шайыр ырды жазалык.

Акбоз минип Ала -Тоону кыдыра,

Айдың талаа кыйр менен сызалык.

АТЫ АТАЛГАН ЫЙЫК КҮНДӨР

Күндүзү тигинде турган алтын ай,

Алдыга жолун улап сапарлай.

Түгөл гана нурун чачып таратпай,

Түнгө окшобойт ыйык нуру тарабай.

Анда-мында жазып жүргө жазмачыбыз,

Алыбыз саал китептерди жаратабыз.

Бизден кыйын күнгө окшош талант бар,

Биз алардын жарыгына капталабыз.

Түгөлбай, Аалы,Чынгыз, Төлөгөндүн,

Ошолордун жарыгында жашайбыз.

Алар бийик асманда нурун чачкан,

Бийиктикке биз жетпей калганбыз

Кыштакта бир абышка бар эле,

Ал быйыл туура жүзгө чыкты эле.

Эмгегин үй-бүлөсүнө гана арнап,

Эчтекесин бербей кеткен элине.

Өктөм салып өмүр өтөөр чынында

Жашоонун өткөнү эчтеке эмес.

Абышка жүз эмес миңге чыксын

Андан төгүлбөптүр жаркын элес.

Токсон эмес жүз жашка барсак да,

Жакшы ырды такыр жаза албадык.

Катыгүн ай, ысымыбыз такыр өчүп,

Калем алып күндөй нурду чачпадык.

Алыкул акын жап-жаш чагында эле,

Чыккан экен Шота менен беттешип.

Акындай күндөй болуп нур чачпай,

Ал жеткен бийиктарга жетпедик.

Анча-мынча жараткан ырлар менен

Ыраазыбыз так ошодой тагдырга

Жолубуз оң биз деле жалгыз эмеспиз,

Жогоруда аты аталган күндөр барда.

––

АКЫН АЛЫМ ТОКТОМУШЕВГЕ төрт ыр

Ар бир эле жашап жаткан адамды,

Армандуу, армансыздык коштоп алды.

Алым акын көкөлөгөн жагы болгон,

Ыры менен канат кагып обологон.

Ак жашоодо арман деген болот экен,

Жетүүчү бийиктикке жетпей калган.

Акынга тагдыр деген каскак болду,

Айтпайлы анын өзү кандай арман.

Армансыздык бул өмүрдө бар экен,

Берем дегенин жашоого бербей кеткен.

Тажабай өрт жашоо менен аралышап,

Таш бетине өчпөстүктүн ырын чеккен.

Алымдын « Көл түнү » деген ырына

Акын оор кезеңде,

Шедевр ырын жазган экен.

Оор жашоо, көңүл чөгүү,

Ойлорду кантип тапты экен?

Кейиткен тагдыр алп урушуу,

Кезигиптир сонундукка.

Түрмөдө эле жашап жатып,

Өлбөс ырын жазган тура.

***

Тагдыр экен көп акындар эрте кетти,

Табылды, Беганас, Аман, Турганбай.

Жана дагы Турдалы, Манас, Курбанбай,

Жанаты бейишке чыксын кудай ай.

Акыры анан Алымдын өзүн узаттык,

Жазмыш экен көзүбүздү жаштадык

Армандуу жашоо экен бул турмуш,

Артыңда аны жоктоп биз калдык.

Таланттулар келет экен кетет экен,

Тагдырдын жазган жолу ушул экен.

Буулугуп будуң чаңга аралашып,

Бул жашоого келгенибиз арман экен.

***

Алым деген журналист,

Макаланы мыкты жазган.

Жаратып жаткан чыгарманын,

Жаңыртып майын чыгарган.

Ал чындыкты бетке айтып,

Өлүмдөн да тартынбаган.

Өжөрлүктөн улам жеңилип,

Өлүм андан тартынган.

Жакшы кеп угуп котормодон,

Жакшыны тандап которгон.

Жаны тынбай дайым жазган

Жашынан талант даарыган

***

Рейтинг@Mail.ru