bannerbannerbanner
полная версияБир кайрыктар

КАДЫР АБАКИРОВ
Бир кайрыктар

Полная версия

Авторун жоктоп ыры калды аянычтуу,

Акбоз күлүк туяк кагып улам кишенейт.

Алардын жазган ырларына ырахмат,

Окусун деп тирүүлөргө таштап кеткен.

Биз чыгарманы толкундап окуп жатабыз

Китепти ачып көңүл буруп алда нечен.

Бизден кетсе кандайдыр бир кемчилик,

Түбөлүккө унутуп кечирип аны койгула!

Пенделикте сөзсүз болот жаңылуу деген

Убагында уланып чекилик иштер болду да

Таберик ырларды калтырбай окуйбуз,

Барактагы жазылгандын баарысын.

Эми силерди тынч жайыңарга коёлук,

Ыр жазгандар түбөлүккө эс алсын.

БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ К. ЭСЕНКОЖОЕВГЕ

Тагдыр берген өмүрү

Болуп өттү эң кыска.

Бирок кыска болсо да,

Болгонсуду эң нуска.

Ошол кыска өмүрдөн

Жоодурап кут төгүлүп.

Өтсө дагы кыйла заман

Өлбөгөн фантастика көрүнүп.

УЛУУ КУУДУЛ ШАРШЕН ТЕРМЕЧИКОВГО

Адам эле өлгөн жанды күлдүргөн

Боорукердик береке чачып сүйүдүргөн.

Шаршен десе айланага шаң тарайт

Шаң учкуну баардык жанды жылмайтат.

Адам эле ак жашоого бир келген

Өлбөс күлкү пенделерге энчиленген

Урматтайбыз ушул улуу адамды

Улуулугу жашап жатат биз менен.

ЭЛ АКЫНЫ

ТОКТОСУН САМУДИНОВГО

«Сөздөрдү кармап көрөм мүйүзүнөн».

Т. Самудинов.

Сөздөрдү кармап көрөм мүйүзүнөн

Ийри кетсе карсылдатып сындырган.

Сынып калган мүйүздөрдү чогултуп,

Сынына келтирип лирика ыр кылган.

Өкүнбөйт, мансапка да бийликке да,

Өмүр боюу ыр, сатира жазып кызыгаар.

Ак чачтуу адамдардын арасында,

Арыбас талант Токтосун деген акын бар.

Ойлонсун деп балдарга табышмак ачат

Ойлорун ката кетирбей тактап жазат.

Бирок лириканы мүйүзүнөн сындырганда,

Башы жагына сак кетип калган жатат.

Ошол үчүн жумшак жерин эле сындырса,

Ыр саптары бузулбастан аман калат.

АЛЫКУЛДУН

«Лирика» китебине эпитафия

Улуу акындын жакшы китебине,

Уюушулган сокку уруу башталат.

Ал кезекте андай китеп жок эле,

Аны «Маанисиз махабат» деп аталат.

Соккуну көтөрө албаган улуу акын,

« Лирика» китебин өрттөп таштады.

Канаттуу ырлар акбозчон талпынган

Кайып каскак алоолонуп жок калды.

Бул кезекте улуу акын такшалган

Жаман ырды ал кезекте жазбайт эле.

Топту жарып күчөп чыгып таскагы,

Толубайдын канаттуу бозун минди эле.

Улуу акынды Ясыр Шиваза, Кайсындар,

Жел жетпес дулдул акын Темиркул.

Алыкулду баардык жерде мактады,

Алп акындын күчөп чыкты таскагы.

Сонун китеп күлгө айланып жоголдуң

Кантип анда жакшы ырлар болбосун.

Оорлуу акынды кесип жеген кемирип,

Ошол ишти уюуштургандар оңбосун.

Ыр өлдү бул китепке арналган эпитафия,

Эпитафия эмес улуу акындын арманы,

Улуу акындыкы эмес окуучунун арманы

Кызыл жалын жалмап кетип ырларды

Кыпын күйүп күл китепке айланды.

ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ

Мейли ал он чыгарма жазгандыр,

Же беш китеп жазып таштагандыр.

Жоголуп ошол жазган барактары,

« Жолборс териси» гана калгандыр.

Суулар агып далай кылым ала салды

Сур булуттай тарых барагы агылды.

Ала салды канча кылым канча тагдыр,

Аты өчпөгөн гений акын жашап калды.

ВИЛЯМ ШЕКСПИРГЕ

Шекспир десе эске келет,

Канатчан учкул акын пири.

Кыска өмүрдө өлбөстүк бар,

Кыялданткан баардык элди.

Энеден гений болуп төрөлүп,

Гений бойдон өлгөн акын.

Канча кылым өттү унутулбас,

Карачы тагдырдын жазмышын.

АЛЕКСАНДЫР СОЛЖЕНЦИНГЕ

Күнөөлү болуп түрмөгө камалды,

Ким ойлоптур аны мындай болот деп.

Биздин коомго жат элемент башынан

Бийликтегилер жек көрүп жемелеп.

Суук үшүк, дайым ачка азаптуу,

Калем кармай албай тартты азапты.

Бирок чыгарма жазып түрмө жөнүндө

Түрмөдөн эле таап алган бакытты.

СЫНЧЫЛАРДЫН ОЮУ

( ХАЛТУРЩИКТЕР)

Сынчылар мындай кеп айтат

Кеп айтканда деп айтат:

«Алты жүз жазмачынын ичинен

Беш-алтоонун аты калат,

Калганы бүт самопал,

Халтуршик болуп аталат.

Жазуучу болгон турбайбы

Халтуршиктер толтура.

Жаратып начар чыгарманы,

Жазмачылар жок тура.

Алыкул менен Аалы кетти,

Байдылда менен Чынгыз кетти,

Төлөгөн менен Ашым кетти,

Дагы көбү сапар чекти…

Кетирип такыр айланы,

Кеменгерлер калбай калды.

А дүйнөнү көрбөстөн,

Халтуршиктер калабы өлбөстөн.

Алардын жаны бек болот,

Алышса да, оңой өлө койбойт

АКЫНДЫКТЫН КЕРЕМЕТИ ЭМНЕДЕ

«Эл акыны» жана «Эмгек сиңирген» наамдар жөнүндө,

«Эл акыны» деген бийик наамды

Өкмөт жактан сыймык болуп берилет.

Таланты аны эл алдында бааланып,

Тажабай талбай иштей берсе»-дейт.

Кыргызда отуздан ашык жазмачыга,

Элдик ушул наам ыйгарылган.

Эчак эле баары тең алышып,

Эл ичинде атакка жетип калган.

Улуу акын деген атакты,

Жалпы журт таратан ыйгарылат.

Бул даңкты өкмөт бере албайт,

Ага күчү такыр эле келе албайт.

Укмуш улуу акын деген атакты

Аалы менен Алыкулга берилген.

А калганы жетпей келет эмнеге,

Улуулуктун укмуш сыры эмнеде?

АЛЫКУЛДУН «АТА ЖУРТ» ЫРЫНА

Бул ыр аз убакытта жазылып бүтүп,

Тарыхта калат деп эч ким ойлобогон.

Генийдин генийлиги жагы гана болбосо,

Ал деле башкалардай эле адам болгон.

ЫР МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН РОМАН

«Романымдын мааниси тереңинде,

Жаңгактын жей турган мөмөсү ичинде.

Сонуркап келип китебимди аңтарасың

Сонундукту ич жагынан окуп таап аласың».

Ушул сөздү айткан тааныш бир акын,

Сатып алдым кызыгып анын романын.

Башым катып китебиңи окуп жаткамым,

Бармактай жаңылыкты таба албадым.

Окубай таштап аны кеткен жокмун.

Канча акчамы жана убактымы короттум.

Андан таптым китептин гана шакелин,

Акыным жакшы жаз чыгармаңын эмкисин

ЯЗЫР ШИВАЗАГА

Дунгандардын баары эмгекчил,

Бирок Язырдай акын чыкпай калды.

Анан ошондой акын жок болуп,

Кыргыз жери жетимсирей баштады.

Дунган достор жер менен эмгектенип,

Жана дагы соода менен байыды.

Алар чыгармачылык улуу жолду,

Такыр эле унут кылып таштады.

Дунган элин түбөлүккө даңктанткан,

Ясыр Шивазалар такыр чыкпай калды.

Кыргыз эли бир акынын жоготуп,

Ушунчалык кедейленип жакырланды.

Бирок дагы келечекте үмүт бар.

Язырлар ушул элде чыгып калаар.

Кыргызда да бир акын чыкты деп,

Кылым боюу түбөлүккө даңктанаар

АЛТЫ ЖҮЗ ЖАЗУУЧУ

Биздин элде алты жүз жазуучу бар экен

Окуш үчүн алардын чыгармасын.

Алтымыш жыл керек болот шекилдүү,

Аныктап билип чыктым баарысын.

Акырындап окуп кирдим бир четинен,

Андан бери туура он жылга аяк басты.

Капырай ай, беш чачым башта калды,

Карагыла денемдеги кашка башты.

А башкалар китеп кармап окубасын,

Андан көрө тыйын-тыпыр акча таап.

Баардык жерди кор дүйнөгө толтуруп,

«Байыдым» деп башка жанга кабарлап.

Китеп окуп баштарын катырбасын,

Жакшы ишти жасап жатам ойлонсом.

Капырай ай, баарын окуп чыкканча,

Карылык келип капысынан жоголбосом…

Бироо айтат «Сени ким кыйнап жатат»

«Иш башталды аягына сөзсүз чыгам.

А ким классик, а кимиси халтурщик,

Аягында жашыруун сырды кабарлайм.

Балкым бир элүүдөй китеп калаар,

Ошолор классик деп авторлору аталаар.

Калганы бир кудайдын буйругу экен,

Көздү жумуп маклатурадан орун алаар.

ТУРГУНБАЙ ЭОГЕШОВГО

Тургунбай толкуп ташып көрүнүп,

Бир кезде жаңы ыр жазып чыкканда.

Жакшы акын болотко деп үмүт өнүп,

Жаркып күйүп кубанганбыз биз анда.

Тургунбай кеткен бойдон келбеди…

Келечекти үмүт менен карайбыз.

0о,бир жаш акын жаралса деп самайбыз,

Тургунбайдай болоор бекен аныбыз?

ИШЕНБАЙ МАНСУРОВГО

Өксүктөр болот далай эселеп.

Өзүңү унутуп деле таштабайбыз.

Учурунда «Ак Бугуну» жазган деп,

Урпактарга кабар айтып баратабыз.

«Ушунчалык жаш кетти»– деп айтабыз,

Унутпай эстеп, кээде муңга батабыз.

***

Шкафтарга толуп кетти китептер

Оор китептер буюмду нык баскан.

Ошол эле кирпичтей китептерди

Стенкалар көтөрө албай ыйлашкан.

Калем алып ыр жараткан пенделер

Жагымсыз начар ырды жазбагыла.

Алардан буюмдар сынып талкаланат,

Акындарым мебелдерди аягыла!

Оңду-солду китептерди шилтебей,

Оңоюураак чыгарманы шилебей

Ойлондурган шедеврди жараткыла,

Оюу бийик чыгарманы жазгыла!

« АСМАНСЫЗ ЖЫЛДАР» КИТЕБИ

( А. Акаев жана К. Бакиевдин заманы)

Бир акын бир китепти жаратты,

Чыгармасын «Асмансыз жылдар» атады.

Эли болсо жардылыкка кабылып,

Эң жаман ит турмушта жашады.

Акындын эли менен жаны бир,

Ал китебин туура эле атады.

Ал өлкөнү жегич жандар башкарса,

Асманына жылдыз жанбай жатпайбы.

СҮРӨТЧҮ АБДЫСАЛАМ АБДЫРАХМАНОВГО

Кыл калемин колго алып,

Абдыкеңин чийип эле койгону,

Ал сүрөттүн келечекте,

Айтпасак да шедевр болгону,

Тарыхка калды болжолу.

Жазуучунун же акындын,

Келбетин тартып чийгени,

Келечекте кыдыр даарып,

Бакыт кушун мингени.

Ойкуштатып ак кагазга,

Окшоштуруп салганы,

Далай, далай таланттын,

Даанышмандыгы жанганы.

ЖАЗУУЧУ ТУРУСБЕК МАДЫЛБАЙГА

Кыргызча эле эмес орусча, англисче

Каадалана сайрап берет жаңылбай

 

Эсте калаарлык иштери арбын бир далай.

Акбоз атыңы таскактатып желдире бер!

Ардактуу иним Турусбек Мадылбай

ФИЛОСОФ ЖАЗУУЧУ ӨМҮРАЛИЕВ

ЧОЮНГА

Көп жылдары тынбай иштеп келатат

Көгөйлүү сонун эмгектерди жаратат.

Акыркы жараткан чоң эмгеги,

Кытайлыктардын оозун ачтырат.

Улам окуп «укмуш»– деп таңдантат.

Уланыбызда ачылыштын жолу жатат

Чоюн деген чынында жез эмес,

Чоюн деген ийилген калай эмес,

Мөлтүлдөп ылдый агып кеткендей,

Чоюн деген куюулган сымап эмес.

Далай-далай сонун нерсени ойлонгонбуз

Даңктуу уулубуздун атын Чоюн койгонбуз

АКЫН РАМИС РЫСКУЛОВГО ҮЙҮНӨ МЕБЕЛ

АЛА АЛБАЙ КОЮУПТУР

Эл Новель сыйлыгына жетсе,

Баардыгынан алдыга озуп кетсе,

Чыныгы акын Рамис Рыскулов

Сыйлык берүүчүлөр аны унутуп салыптыр.

Мебел сыйлыгын жетпей арманданыпыр

Эки сыйлык тең ыйгарылбай калыптыр

Арманданба акыным ырыңы жаз дүйнөгө.

Акындык улуу сыйлык бул дүйнөдө.

ӨСКӨН ДАНИКЕВДИН ПОЭМАСЫ

«Кыздын сырын» Аалы акын

Кара сөздө поэма деп атады.

Балким чынында туура окшойт

Аалыкемдин ошол айтканы.

Ачылып жазуучунун бактысы,

Арыбас сонун болсун поэмасы.

Филология илиминин доктору

АбДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВДИН

СЕКИРИГИ

Гебернатор, экс спикер, академия,

Бийликтен далай секирикти жасады.

Эл журтта жетекчилиги ишке ашты,

Эң эле эрте жетилди учкулд канаты.

Илимде да жакшы иштеп келе жатат,

Ийгилик ишинде сын чыгарма жаратат.

Жазганын канаттана окуп жатабыз

Бул жактан да чоң секирик жасады.

Эл ичинде жүз байдын арасынан,

Бир байы экен эң жакшы жашаган.

Себеби эле бул адам бактылуу

Секириктен улам секирикти жазаган.

ЭРКИН БОРБИЕВГЕ

«Таргыл мышыгынын таржымалы»

Балдар үчүн бир чыгарма жаралды.

Ал эң жакшы жомокту жаратты

Армандуу мыё үнү бизди кайгыртты.

КОТОРМОЧУ БАСЫЛБЕК

КУБАНЫЧБЕККЕ

Жаңы котормочу чыкты,

Жаралып ушул дүйнөгө.

Харам болбой адал болуп,

Халтурага кире көрбө.

Ак эмгектен тер агат,

Асыл жашоо жаңырат.

Ээ болуп жаңы максатка,

Эл менен элди жакындат.

Бир акынды билемин ыр жазганда

Граматикалык катасы жок таптакыр.

Ойлуулук, көркөмдүгүн караганда.

Ошол жактан ыры суусап калыптыр.

Бир чыгармачыл адам бар эле

Ыр, повесть, дарама, баарын жазат.

Адабияттын жанын койбой катырат,

Адамдар анын жазганына таңданат.

Ар бир жанырды такыр эле ылгабаган

Баарын жазган бир укмуш гений адам.

Таттууну да ачууну да жей берип,

Тамакты арбын жеп ылгабаган

Же бир тегирмендей ун чыгарган

Делетант калемин коё бербей кармаган

71 ЖАШТАГЫ КИТЕБИ ЧЫКПАГАН ЖАШ

КАЛЕМГЕРМИН

Менин сынчым дагы болгон эмес

«Тигинде жаз, деп кеңеш берген.

Андайдын окуучусу да болбойт экен

Акыл эсин жазган ыры ээлеген.

Сүрөөнчүм жок мага жардамдашкан

«Китебиңи чыгарым» деп кубанткан.

Өрдүү жолго кеч аттанган жолочумун,

Өзүм -өзүм ыр жаздыртып келаткан.

ЖАЛБЫРТ чыгарма

Аман Саспаев менен

Төлөгөн Касымбековго

Жалбырттаган чыгарманы жазам деп

Жакырлыкка бат жолугат жазмачылар .

Жалбырттарды жетекчилер жактырбай

Жазуучуга келет толгон- толгон азаптар.

Жазуучунун от жанган учкун жүрөгү,

Алоо жанып жалбырт китеп жаратат.

Жалбырт китепти ЦК кантип жоготот

Жалынына калып өрттөнүп баратат

Жалбырттаган ошол чыгармалар,

Жашоодо өлбөс болгон даңкы калат.

1960-1980 жылдар

МУСА ЖАЛИЛГЕ

Түрмөдө отуруп акын Муса Жалил

«Маобит дептери» деген китеп жазган.

Алгыр талант ак жашоодо күйүп жанган,

Адамдарга түбөлүктүү белек таштаган.

Түрмөдөгү адам тирүүлүккө талпынат,

Жүрөгүндө өлбөстүктүн ыры жанат.

Өлөөр алдында адам жазган ыйык китеп

Өлбөс болуп тирүүлөргө калып жатат.

АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУНА

Атасы Буйлаш карабай койгон соң,

Арстандай сүрдүү болсун деп,

Ат койду балага дербиш келип,

Азан чакырган аты Арстанбек.

Жер кыдырган ошол кайып адам

Баланын олуя болоорун билгендир.

Же болбосо береги дербиш кайып,

Наристеге өлбөс бата жибергендир

ЭСТЕЛИК

Ээрчи деле тынбастан ээрин чаап,

Балдарына эстелик деп калтырат.

А балдары ал ээрди атка токуп,

Акбоз атын ары-бери чапкылайт.

Эне болсо жазап бүтүп шырдагын,

Белегим деп өз кызына калтырат.

Кызы болсо энеден калган белекти

Кылым боюу жоготпой бек сактайт.

Комузчу комузун жасап бүтүп,

Ал асмапты баласына арнады.

А баласы черте берип комузун,

Абдан эле өз өнөрүн таптады.

Өмүр боюу жазып келген ыр китебим,

Балким элге арналган эстелик эместир.

Комузчу, ээрчи, шырдакчылар сыяктуу,

Тукумума эле арналган бир эстеликтир.

ТАНДАМАЛ

Ыр сындаган сынчылар айтпадыбы,

Алыкул, Байдылданын тандамалы.

Бир эле жупка сымал китеп болот

Биле албайм алар туура айтышабы.

Тандамал деп кээ акын жазуучулар,

Кирпичтей китептерин чыгартты.

Алар Алыкул, Байдылдадан артыкпы

Ошону билбей такыр башым катты

БИР ЫР

Бир жакшы ыр жараткан акынды.

Он киши талантуу деп таанылды.

Миң киши ал жазгычты тааныса,

Шедевр болбойт беле чыныгы.

***

Э. ХЕМИНГЭЙДИН « Чал жана деңиз»

китебине

Балыктардын жашоо шартында

Биз билбеген бир сыр бар.

Түшүнбөгөн ошол сырдын,

Түйүнүн билет балыкчылар.

Айтылбаган аян сырды,

Балыкчылар гана билишет.

Бирок баардык балыкчылар

Билсе дагы айтып бербейт.

Аны айткан күндө да,

Жөнөкөйлөр түшүнбөйт.

Түшүнсө да деңиздин

Түбүнө түшүп сүңгүбөйт.

Балыкчы болуп Э. Хемингуй

Баардык сырлар ачылды.

Сырдана жазган китебинен,

Сырдуу дүйнө жаңырды.

.

Кыргыз эл артисти Алагушов

БАЛБАЙГА

Балбай деген баатыр бар

Элге эчак эле таанымал.

Жолборс менен алышып,

Жонунан сыга кармаган.

Бизде дагы бир Балбай бар.

Музыка изилдөөчү аталган.

Баатырдыгы тиги Балбайдан

Башынан эле кем калбаган.

Рейтинг@Mail.ru