bannerbannerbanner
полная версияАлтын сандыктагы ырлар

КАДЫР АБАКИРОВ
Алтын сандыктагы ырлар

Полная версия

Жар кыяда каркылдайт.

Кирген суу үнү бул кезде,

Кемер жактан шарпылдайт.

Айгыр үйрүн чогултуп,

Тынчсызданат эмнеге?

Тай-кунандар чогулуп,

Келип жатат желеге.

Булуттардан от ойноду,

Чарт этип асман жарылат.

Мөндүр түшөт окшоду,

Чөптөрдү басып калтырак.

САРАЙДАГЫ КӨРҮНҮШ

Сарай,

Сарай.

Тынчтык баскан сарай,

Оодарылган көң карарат.

Кашаа жактан ары карай,

Кандайдыр бир жыт аралайт.

Сарай ичи серүүндүктө

Тынчтык жашап ушул убак.

Желпий келип жел жүгүрсө,

Желпинет топ аткулак.

Чырк-чырк этип үн чыгат,

Сарайдын бир жеринде

Куш уясы болсо керек.

Кут таратып консо керек.

Малчы да жок бул жерде,

Малын айдап кетсе керек.

Жел эпкини чөптөрдү,

Желпип өтөт аралап.

Тынчтык чертет бир күүнү,

Тымызын гана сайраңдап.

Күүдөн тайбас улуу эмгек,

Күзүндө күргүчтөп башталат.

Саан койлор төлдөөчү убак жок,

Сарай азыр эс алат.

Мемиреген тынчтык менен.

Кошулуп согуп өткөн жел менен

Түн ичинде жылдыздарга кайрылат,

Жакшынакай дубай салам кабар менен.

БАЛАМА

Кызыгып улам-улам карадың,

Кызыл атчан баратканда сапарга.

Кызыл аты сонун бекен садага,

Кыр өйдөлөп кеттиң алыс жактарга.

Кызыл атчан жигиттей таңдантып,

Кымбат атты өзүң дагы минээрсиң.

Кызыктырып далай жанды карантып,

Кырды бойлоп күлүк минип келеерсиң.

      ЖОЛДО

Алыска сапар чыккан болчумун,

Мага досум энчиледи жоргосун.

Жол жомогу токтобой уланат,

Жоргочон узак сапар жолдомун.

Жоргом дагы жол улоодо талыбай,

Жолду басып сапарладым бир далай.

Жорго берген досума да ыракмат,

Жол арбытып келетамын чарчабай.

КОШОМАТЧЫЛЫК ШТАТ

тамсил

Эшек кожоюнун өйдө-төмөн ташып,

Эпеңдеп жүрөт жумушка аралашып.

Ит берилүү менен үй кайтарат,

Короодон анча деле алыстабайт.

Чычкан майда баратты терип жейт,

Эрмек кылып бир нерсени кемирет.

Тоок жумуртка тууйт ап-аппак,

Кожоюну ыраазы болот аны санап.

Бөлүнгөн штат аны менен жанын багат,

Жээ мээнэттенип эмгектене тамак табат.

Бирок, ит дагы бир штат ачып алып,

Кожоюнга куйругун шыйпаңдатып.

Жаныбарлардын ызы-чуусу башталды,

«Ит кошаматчы, топ бузгуч».– аталды.

«Бизде кошаматчылык штат жок эле,

Бу бөлүмдү ачып, алды ал эмнеге?»

«Итиңизге көз салыңыз», – деп кожоюнга барышты,

Таксыр «Катуу койом»,– деди Мындан ары талапты».

Кожоюн жаныбарлардын өтүнүчүн эске алып,

Ит жылбай калды бир оорунга байланып.

Ал бир жерге гана байланып калды,

Бирок, ичет мурунку эле тамактарды.

Кайта жаныбарлардан чуру-чуу чыкты,

«Ит таштабай койду кошоматчылыкты».

Кожоюнга келишти алар кагаз алып,

Ит жөнүндө баягыдай арыз жазып.

«Куйругу кесилсин», – катуу койду талапты,

«Жоготуу керек, кошоматчы, арамзалыкты».

«Куйругу кесилсе, эле кошоматчылык бүтөт»,– деди,

«Баардык кемчилик орун алган денесинде береги».

Ошентип аткаруу үчүн ушул чечимди,

Иттин куйругу анан барып кесилди

Бирок, иттин куйругу кесилсе деле,

Денеси менен кошомат кылат алиге.

Жаныбарлардын арасында чуу башталды,

Мурунку токтом жарабады, жакпай калды.

Кошоматчылык дарт куйругунда эмес экен,

Ал залал орун алыптыр алигинин мээсинен.

Кошоматчылык кылган итти өлүмгө буйрушту,

Кичинекей чычкан аткарсын дешти буйрукту.

Ал итти өлтүрүүчү бир дары таап келди,

Аны билгизбей нанга кошуп итке берди.

Ит ошол замат өлүп жок болду,

Ал ушундай болмок болчу оболу.

Жер үстүнөн дагы бир кошоматчы тазаланып,

Жаныбарлар калышты таза абадан дем алып.

Адамдарда кошоматчылык болбосун,

Алиги өлгөн итке такыр окшобосун.

КЕҢЕШ

«Чоң болом» – деп чочоңдоду оң колум,

«Бай болом» – деп, сороктоду сол колум.

«Койгулачы!» – Мен аларды тыя албай,

«Кокуйлап» -кыйналдым го бир далай.

Эч ким жокто эки жакты карадым,

«Келгиле! Акырындап кеңеш айттым:

Чоңдордон жыргал көрө элекпиз

Байлардан пайда тапкан эмеспиз».

Чочондогон экөөнө дарс айттым

Акыл салып акырындап жайгардым.

Андан көрө илим менен жанды бак

Эмгектенип калк ичинде жолду ач.

ЖАШТЫГЫМ-КЫШТАК

Автобуста баратамын кечинде,

Алдыман чыгат кыштактар.

Жашыл тоонун этегинде

Жаштыгым калган кыштак бар.

Автобус барат аркырап,

Артымда калат кыштагым.

Кырдан аша береерде,

Кылчак-кылчак караймын.

ҮМҮТ

Ала карга үшүп бакта отурат

Тоңуп калган бутактарды чокулайт

Yнүнөн мындай деген дарс окулат:

«Кыш суук жазга чейин дагы алыс,

Аман болсок ага да жетип алабыз».

ЖАЛГЫЗ КӨПӨЛӨК

Карарган чоң таш теп-тегерек,

Yстүндө көлчүк. Асман көп-көк.

Анда калкылдап желде термелет,

Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.

Ал көпөлөк тап -такыр учпайт,

Бийиктик асман менен көкөлөп.

Эсимен такыр кетпей калыптыр

Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.

Көпөлөк жаш наристе болбосун,

Тагдыр кап кара таш болбосун.

Тагдыр деген кээ бирде оор болот,

Ары-бери кадам жасап ойдолойт.

Аңгыча шамал боло баштады,

Көпөлөктү учурду башка жакка.

Ар адамга сапарлап жылып келген

Тагдыр дагы, өмүр дагы башкача.

КАРЫ

Кары отурат таш үстүндө

Кайрылып улам өткөнгө.

Шарактап өмүр өтүүдө,

Шамал учуп бу дүйнөгө.

Карянын өткөн өмүрүнөн,

Толкун сого шарпылдайт.

Жакындап күз күнүнүн,

Шамалы уруп салкындайт.

ЖЕР КЕПЕ

Биз турганбыз жепирейген кепеде

Бөлмөсү бар кичинекей эки эле.

Ал үйгө азап болот батмагы

Алыстан конок кара келгенде.

Ак сүйүүбүз эң алгач башталган

Ушул бөлмө экөөбүзгө чап-чакан

Жетсек дагы далай сонун үйлөргө.

Жер кепени унутпайбыз эч качан.

ЖАЛГЫЗДЫК…

Баратам кең талаада өзүм жалгыз

Ойлогон ойлорум, жетим жалгыз.

Жеп ичкен хан дагы өзү жалгыз.

Жерди саткан жетекчи жап-жалгыз

Бийиктикте тийип турган күнүм жалгыз

Жабырлаган жакырлыктан элим жалгыз

Ханы жаман журт жалгыз…

Талаада сапарлаган өзүм жалгыз.

Бирок дагы жалгыздыкты жөн коёлу

Андан көрө караламан элди ойлойлу,

Ойлончу элим бириксек жалгыз болбойбуз!

Ошондо арбып жеңишке жеткен болобуз.

2010-жыл

ГҮЛ ӨНӨТ

Тереземен жылып кирип акырын

Айдын нуру жүрөгүмө төгүлөт.

Акак түстүү айдын аппак нурунан,

Ардагыма жүрөгүмөн гүл өнөт.

Тереземен жылып кирип акырын

Жылдыз нуру жүрөгүмө төгүлөт.

Жылдыз нурун жүрөгүмө төккөндө

Жылдыздуума жүрөк гүлү көрүнөт.

АЙ, ТАЛАНТ!

Келечектин көчүн баштап баратып,

Өткөн күндүн музаларын кайталап.

Сүрөтчүгө сонун сүрөт тарттырып,

Сүйкүмдүүсүң, сүйүндүрдүң, ай талант!

Өмүр өтөт токтоо бербей шашылып,

Жайлоо жели сого берип аймалайт.

Шыктуу акынга дастандарды жаздырып,

Шыктандырдың, кубандырдың, ай талант!

Сересине кылымдардын жалт карап,

Сени кимдер көрбөдүк деп айта алат.

Укмуштарды бул дүйнөгө табыштап,

Устат болдуң, улуу болуң, ай талант!

БИЛЕРИК

Эстеликке берген билерик,

Алтынбы же күмүшпү?

Эки жактан алар келип,

Жакындашып, сүйүштү.

Жалындаган сүйүүдөн

Жагымдуу ыр жаралды.

Бакыттын бүткөн билерик,

Бактылуу кылды аларды.

ЖАР КЫЯДАГЫ ЖААН

Жайлоодо булут сабалап,

Жаанын тоого таратты.

Жамгыр суусу ташкындап,

Жар кыяндан сел акты.

Жайлоодон күтүп өзүңдү,

Жабыгат көңүл тынчыбай.

Жалжалым мага келсеңчи

Жар Кыя жакты аралай.

Жар Кыяга жаап жаткан

Жамгыр дагы басылды.

Көрө албадым келаткан

Көк жорго минген асылды.

Жан- жагыма чоң кубаныч таратып.

Эгер бүгүн келбей калса карантып.

Жалжалым эртеңдерден жол келеер

Жаштыгыма, жайлоо ачып жайкалтып

ЖОЛ ЫРЫ

Өмүрүмө баян айткан түбөлүк

Эмки ырларда жол ырына өтөбүз.

Адегенде жалгыз ырдап келди элем

Андан кийин бирге ырдадык экөөбүз.

Сен жол ырын ырдап келдиң ээ тууган

Жол ыры да сени менен бир туулган.

ТҮНҮНДӨ

Жылдыз учуп аралап барат асманды

Таш кулады, чоң аскадан бул кезде.

Ичиркенет тигинде акбоз ат дагы

Иймек жактан суук илеби сезилсе.

Тоо түбүндө карт чабандын үйүбү,

Түн койнунда дагы бир от жылтылдайт.

Сырдуу басып, бир караандар өттүбү,

Сыйкырлана түнүндө чөп шыбырттайт.

АҢГЕМЕ

Бирге өттү мени менен

Анын сүйкүм жаштыгы.

Аралаш жүрдүк экөөбүз,

Аралай чуркап адырды.

Мен өзүмүн жаштыгымы

Кайра эскере баштасам.

Анын дагы жаштык чагы,

Аңгеме айтат бир баштан.

ЭКӨӨ

Бир жылдары каза болду энекем,

Аны жоктоп ушунчалык кайгыргам.

Жалбырактар учуп турду жаныман,

Жаркылдап түшүп жатат чагылган.

Жер эне айтты: «Мен да сага энемин,

Жашты төгүп, кечке эле кайгырба!

Катаал болот чындыгында жоготуу

Капаланып ушунчалык кыйналба!»

Көп өтпөстөн каза болду атакем,

Асман айтты:– «Биз өзүңө атабыз.

Секетим ай, сага дагы оор болду

Сен калбайсың, бу өмүрдө атасыз.»

Жер-энекем, Асман, Көкө Теңирим,

Жомок болуп ырда ырдалды өткөнүм.

Экөөнүн ортосунда жанып-күйүп,

Ээ-жаа бербей жанып учат өмүрүм!

Жер –энекем, Асман Көкө теңирим,

 

Атам болду ал экөө тең кең мекен.

Кажыбас эмгек болот көргөнүм,

Кайраттанып бу өмүрдө мен келем

КАРАСАМ

Шылдырттатып жүгөнүн,

Алдыман өттү боз жоргом.

Кулак төшөйм ал үнгө,

Куттуу сыйкыр оронгон.

Шылдырт дабыш чыгарып,

Кабар берип бараткан.

Жалынын ачкан шанданып,

Жаштыгым тура карасам.

ЖАҢЫРЫК

Тескей менен ат чаптырсам,

Теминип тайган агытсам

Тепши Тоосу жаңырат.

Күңгөй менен баратсам,

Күүлөнтүп кушту агытсам

Күн Тийбес тоосу жаңырат.

Жаңырык кантип жаралат,

Жаңырык ал-бала чак

Жалынсам да карматпайт.

БАЛА ЖЫТТУУ СҮЙҮҮ

Жыйылган буйум-тайым көрүнбөйт,

Сен экөөбүз жаша турган бул үйдө.

Жакындар да кеп кылышып өтүшөт,

Жакырлык турмушубуз жөнүндө.

Же болсочу урунгандай керектеп,

Идиш-аяк башка буюм кымбаты.

«Абдан эле жупуну бул экөө».

Айылдашым башкача кеп жаратты.

Эс алуучу дем алыштын маалында,

Башка жакка конок болуп барбайбыз.

Капырай ай, муктаж болуп акчага,

Карыздарга көптөн бери батканбыз.

Жардылыкты моюнга алам таалайым,

Жашырбай чынын айтсам бу күндө.

Баары болот, капа болбо жалжалым,

Бала жыттуу сүйүү барда бул үйдө.

АКЫНДЫК

Түгөнбөгөн шаңын ачып турмушун

Кой жайылып коңгуроолуу жылкы өткөн.

Жарыялап бизге айтып кооздугун

Жатат мында уч кыйырсыз кең өрөөн.

Коңгуролуу дабыр-дубур угулуп,

Аймагынан ай чыккандай туюулуп.

Акбоз аттан сонун дабыш ыр өнгөн,

Акындык -бул, уч кыйырсыз кең өрөөн.

СҮЙЛӨШҮҮ

«Жол боюнда чоң кара таш көрүнгөн

– Катуулукту мен аламын өзүңдөн.

Катуулугуң жакшы нерсе бу өмүргө,

Назиктитикти кайдан алам көңүлгө?».

Таш айтты:– «Бооруму жарып гүл өскөн

Ал сапатты дал ошондон үйрөнсөң».

Назиктик оту катуулук менен аралаш,

Ал экөөнү бирдей кармайт кара таш.

АДАМГА СУРОО

Адамда түгөнбөгөн суроо көп,

«Бу жашоого сапарлап келдиң беле?

Келсең кайсы жылы келдиң эле?

Кетсең каяк жака кеттиң эле?»

Пендеге түгөнбөс суроо жаралат,

«Эгер келсең, эмне таштап кеттиң эле?

Керез болуп, арт жагыңа эмнең калат,

Келгендигиң, кеткендигиң анык беле?»

ТҮНКҮ ЖААН АЛДЫНДА

Айыл терең уйкуда

Түн ортосу учурда.

Коңгуроолор дабыш улап,

Колоттон жылкы ары чубап.

Үн чыгарып чартылдап,

Азыр асман жарылат.

Булуттарды, улуу тоону

Дүңгүрөк үн аралайт.

Жаан болоордун алдында

Жалбырак сырдуу дилдирейт.

Алыста тоолор аркайып

Айбаттуу сезим билдирет.

Коңгуроо гүлү желпинип,

Желге боюн тосушат.

Шибер чөптөр сеңселип,

Шыбыртташкан болушат.

Жаан суусуна киринип

Жаратылыш жанданат.

Кол чапкандай шатырап,

Коодогу чөп шаңданат.

Жел аймалап кеткенде,

Шибер чөп менен жалбырак.

Сырдашкандай шабырап,

Айланага шоокум чалып,

Түнкү жаанга кулак салып,

Укташпайт тентек балдарча.

Бир кезде жаан басылды,

Андан кийин ай чыкты.

Анан дымып айлана

Чамасы кетип уктады,

Чарчап калган чалдарча.

УБАКЫТ

Коңгуроолу Кожобай.

Коюн айдап көчкөндүр.

Короолу койду чубуртуп,

Кокту менен өткөндүр.

Жылкылуу Жыргалбай

Жылга менен көчкөндүр.

Жылкыларын жыйра айдап,

Жылгындуу суудан өткөндүр.

Коңгуроолу Кожобай

Кой айдаган убакыт.

Жылкылуу Жыргалбай

Жылкы айдаган убакыт.

Өз нугун өзү чубатып,

Өтүп жатат убакыт.

Кайда барат шашып деп.

Кожо, Жыргал эки уул

Койбойт аста сурашып.

Оо, ансайын убакыт,

Ойноп турат кыр ашып.

Шайыр мүнөз Кожобай,

Шашып өткөн убакыт.

Жылкы айдаган Жыргалбай

Жылып өткөн убакыт.

Өзүнүн нугун чубатып,

Өтүп жатат убакыт.

Өтүп кеткен убакыт,

Өзгөртөт баарын куралтып.

Кайран гана убакыт.

Кайрылгыс тура муң айтып!

Коңгуроолу Кожобай,

Кокту менен чаап барат.

Жылкылуу Жыргалбай,

Жылга менен ашыгат.

Убай-чубай токтобой,

Убакыт өтүп шашылат.

Өзүнүн нугун чубатып,

Өмүрлөр кайда ашыгат?

ТУРНАЛАР ӨТКӨНДӨ

Сурнай үнү чыгабы,

Сурнайчылар ким эле?

«Каркыра деген уулум бар»

Күздүн жообу бул эле.

Сурнай үнүн бапылдатып,

Сурнайчынын тобу өтөт.

Кайраттана жол тартып,

Каркыранын көчү өтөт.

Кернеи үнү чыгабы,

Кернейчилер ким экен?

«Турна деген кызым бар,»

Күздүн жообу бул экен.

Керней үнүн бапылдатып,

Кербендер сапар жөнөшөт.

Турмуштун өзүн шаң кылып,

Турналардын тобу өтөт.

Кернейчилер, сурнайчылар!

Баардыгы тең кетти алыс.

Кош болгула каркыралар,

Биз да өмүрдө сапардабыз!

Айланада күз маалынын

Шыңгыр күүсү кагылат.

Күзгү жел соксо акырын

Күбүлүп түшүп жалбырак.

ЖЫЛКЫЧЫ

Жылкычы агам Кененбайга

Үйүр-үйүр жылкыны

Үркүтүп тоодон айдаган.

Желе-желе бээ байлап,

Желпиништен кайырган.

Кейип-кепчип койбостон,

Керме Тоону жай кылган.

Карк кылып элин кымызга

Калкына кызмат аткарган.

Шамалдай учкан жылкыны

Шагылдуу тоодон кайырган.

Күлүктөрүн жарышта

Күйүктүрүп айдаган.

Дүңгүрөткөн тоолорду

Бийик тоонун ырчысы.

Өмүрү өттү мал менен

Өрнөгү өскөн жылкычы.

ЭНЕ

Эне желди чакырды

Сапар тартып жел келди.

Ал талканын сапырды.

Сапырган талканынан

Энекеси балдарына,

Кара жарма жасаган.

Жармага тоюп алышып,

Ойноп кетти балдары,

Шамал менен жарышып.

КАЙЫКЧЫ

Эркин шардай жиреп коюп толкунду

Кайык айдап селки дагы жай барат.

Алдынан да, артынан да узатуу

Кайыкчыга назик көздөр кадалат.

Кайыкчыбыз кайык айдап шашылат

Эки өйүздөн көздөр күтүп зарыкты.

А чын алар бир жүрөктү күтө албайт.

Же бери бур, же нары бур кайыкты.

БАЛА МЕНИН БАЛАЛЫГЫМ

Адыр ашып алкынган

Бир кездеги күлүк кайда?

Колдо кушу талпынган

Күлүк минген бала кайда?

Эчен жолду арытып,

Эбак узап кетсе керек

Мунарыктап ошол жак

Муң калгандай сезилет.

Бала уланткан сапарын,

Баскан жолу кайрылгыс.

Бала менин балалыгым,

Жүрөгүмдөн айрылгыс.

КУЗГУНДАР

Кара куш деген кырааным

Карагай черди мекендейт.

Уясын салды зоокага

Уямда тынчтык болсо дейт.

Кара куш салган уяга

Каргалар учуп көп келди.

Куркулдап учуп айланып,

Кузгундар тынчтык бербеди.

Уясын таштап куш кетти

Уяга шамал карды үйөт.

Кара куштан дарек жок

Каргалар учуп жүрүшөт.

Асканы таштап куш кетти,

Албуут шамал чамынат.

Кубаттуу куш байкалбайт

Кузгундар тарпты аңдышат.

КАЙРАТ

Куштун сынса тал канаты,

Ал уча албай калмакпы.

Бар да башка тал канаты,

Сабалап көктө баратты.

Акынга келди бир кайгы

Айбыкпай тепсеп кайгыны,

Белгилүү ырды жаратты,

Бел кылып укмуш кайратты.

ӨМҮР КЕЧИ

Бобу түшкөн сүрөтүбүз

Болуп калаар эскерме.

Өзүңү кээде карай жүр,

Өткөн күндү эстегенде…

Ал кездеги курактар

Өзүмдүн да эсимде.

Өткөнүмү тиктей берем

Өмүргө кеч келгенде…

БУЛАК ҮНҮ

Күн да кечтей баштаган

Күнгөй тоодон арылап.

Мейкиндер мейман күтүп

Мемиреди салкындап.

Кечтин сонун убагы,

Дыйкан кайтты сугаттан.

Кызын күттү жаш жигит

Кыялай аккан булактан.

Жигит менен кыз экөө

Ушул жерден жолукмак.

Татына назик сүйүүгө,

Булак үнүн угузмак.

Аябай кечте кыз келди,

Жигит аны тосуп алды.

Сүйүүгө сүйүү уланышы,

Сүйкүм экен бу дагы.

Кыз жигит булак үчөө,

Кыяк тартып жаратылыш.

Анан дагы чыга келди,

Айланага ай калкып.

Ай калкыган бул түндө

Сүйүү ыры жазылмак.

Баян болуп унутулгус,

Баарысы тең эсте калмак.

КАДЫРМАН ЭЛ

Кары-жашы бирин-бири кабышса,

Айың кылат башка эл-журт ансын.

Катаал кезде улууларын сыйлабаса,

Каңгыган эл жек көрөөр карысын.

Калкына улуу тоодой куту бар,

Кары сөзү ар дайыма баар тапсын.

Караандарын караңгыда эш тутуп,

Кадырман эл сыйлап алсын карысын.

КАМЫШ ЖАНА ҮМҮТ

Суу жээгинде топ камыш

Шуудурап ырдап басылбай.

Анын ыры кең талаанын,

Аймагын кетет аралай.

Келечекте акын болсом,

Шуудурап ушу камыштай.

Ыр жаратаар бекемин,

Топ камыштан калышпай.

КЫЙЫН БОЛГОН БАЛАГА

Бир үйдө башында алар үчөө эле

Чыккынчы эркек качты башка тарапка.

«Багып ал» деп, баланы берип башкага,

Байкуш аял капталып жатты азапка.

Аял-эркек кетти эки тарапка

Көңүл сууду чынында эмне аларга.

Жакшы мээрим буюрбады экөөнөн,

Жалгыз гана кыйын болду балага.

ЖООКЕРДИ КҮТҮҮ

(1943- жылдар)

«Уулубуз качан келет» деп,

Улутунуп сурайт энекем.

Жашырынып көп ыйлайт,

Жашын төгүп жеңекем.

Эмне болот күнүбүз

Эш туткан агам келбесең?

Кайгырып жүрөт энекем,

Кантеер экен жеңекем…?

ЭРКИНБЕК

Оюнга катуу берилип,

Биз ойнодук селкинчек.

Кошо ойноду биз менен

Кошуна бала Эркинбек.

Ойноп, күлүп жаркыган

Эч нерседен эринбес.

Жап-жашыл гүлү ыргалган,

Жаштык күндүн эрки бек.

КАЙЫКЧЫЛАР

Биздин жерде тунук көл бар эле,

Укмуштуудай көк кашка таза эле

Эркин гана сапарлайт кайыкчылар

Эки ынак алды жакка бараткандар

Көл сүйүү- жоголбос майтарылбас,

Сүйүү эмей чынында эмне эле?

Караандары такыр эле ажырабас

Кайык айдап баратышат эки жаш.

Кайыкчылар ардагым биз экенбиз,

Кайраттанып алды жакка сапарлайбыз

Жашоо деген уч кыйырсыз кеп- кенен,

Жай айы, толкун болот жан жагыбыз

Толкун жиреп мейкиндерди жаратабыз.

ӨЗ ЖОЛУ

Жакшыны жамандадым эле, кор болбоду,

Алтынды булгадым эле, темир болбоду.

Жоруну таптадым эле, куш болбоду.

Карышкырды бактым эле, ит болбоду.

Карыганча биле элек экем ошону

Ар биринин бар турбайбы өз жолу.

Жору деген эч убакта куш болбойт,

Карышкыр эч убакта ит болбойт.

Жору деген алгыр кушка айланса,

Карышкыр сапар келип үй кайтарса.

Жорулук, кузгундук жаман сапат,

Анда эле заманыбыз жакшы болмок.

Карышкыр арабызда жеп ичкичтер,

Алар кетсе турмуш ылдам оңолмок

Жорулар, карышкыр бат жоголсо,

Жер үстүнө тарптар гана бүт толмок.

Ал экөө бул дүйнөдөн жоголгондо

Жашообуздун бир жери кем болмок.

Менин айтаар насиятым бул эле,

Адамдагы карышкырлар жоголсун.

Эл жерде турмушубуз алга жылып,

Элибиздин жашоосу ылдам оңолсун.

ШАМ ЧЫРАК

Эпитафия

Атам аскар-тоо эле

Мөлтүр булак-энекем.

Шам чырагы мен элем,

Бириктирип күч берген.

Атам кайтыш болгондо

Аскар тоом жоголду…

Энекем узап кеткенде,

Булагым акпай токтоду…

Жанып күйгөн шам чырак,

Экөөнү таппай кор болду.

***

Атакемдин өтөгүн

Өткөндө барып карадым.

Өтөк турат, атам жок…

Өкүнүп кайра кайткамын.

Энекемдин ак жоргосу

Эмнеге улам кошкурган.

Энекем такыр көрүнбөйт

Эсилими таппай отурам…

Атам менен энем жок…

Ак жорго менен өтөктү

Мага таштап кеткенби,

Белгисиз жакка безгенби…

ЖОЛУ УЛУУ

Учкучка учкуч бет алса,

Кең асманда бирге учат.

Рейтинг@Mail.ru